• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

22-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок

22 Чын куран 20229:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 22-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, илдеттен 11 бейтап айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 бейтап, амбулатордук түрдө 26 адам дарыланууда.

Стационарларда дарыланып жаткан 3 бейтаптын баарынын абалы оор.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 983 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 371 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Количество просмотров: 106