• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

22-июнда күтүлгөн аба ырайы

21 Кулжа 2021 14:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет агенттиги кабарлагандай, 22-июнда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй облусунун өрөөндөрүндө, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкекте жаан чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 26…28 градуска чейин ысыйт.

Количество просмотров: 180