• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

22 күн мурун дарыяга агып кеткен 8 жаштагы баланын денеси табылды

20 Аяк оона 20189:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.09.2018.Govori.TV.
Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагында Тар дарыясына агып кеткен 8 жаштагы баланын денеси кечээ, 19-сентябрда табылды. 2010-жылы туулган Р.Н. дарыяга 29-август күнү агып кеткенин ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Куткаруучулар маркум баланын денесин Ылай-Талаа айыл аймагынын Сай айылындагы Тар дарыясынын жээгинен таап, туугандарына өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 35