• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

22-мартта күтүлгөн аба ырайы

21 Жалган куран 2022 19:30 Бишкек Govori.TV

22-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, кар жаайт. Күндүз Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде жаан, кар, Чүй, Баткен облустарынын тоолорунда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;

Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн 2…7, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 5…7 градус болот.

Количество просмотров: 1155