• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

22-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

21 Үчтүн айы 2019 18:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV.

22-январда түнкүсүн Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4,

Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6,

Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6° суук, күндүз 1…3° болот.

Количество просмотров: 2