• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

22 жаштагы жигит жол кырсыгынан каза болду. Өкмөттүн отчетун оппозиция угуудан баш тартты.Соңку жаңылыктар 13.04.18.

13 Чын куран 2018 14:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.04.2018. Govori.TV
Оппозиция өкмөттүн отчетун угуудан баш тартты 
Парламенттин оппозициядагы фракциялары премьер-министр Сапар Исаков өзү келбегени үчүн өкмөттүн 2017-жылга карата баяндамасын угуудан баш тартышты. «Ата Мекен», «Республика — Ата Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары жыйынга өкмөт башчы өзү келиши керек экенин айтышты.13-апрелде депутаттарга баяндама жасаганы вице-премьер-министр Даир Кенекеев келди. Башында жыйынга Сапар Исаков да катышары кабарланган эле. Өкмөттүн басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, премьер-министр Чүйдүн Москва районуна жумушчу сапар менен кеткендиктен, парламентке Кенекеев барган.Планга ылайык, өкмөттүн отчетун түштөн кийин «Кыргызстан» фракциясы да угушу керек.
Кылмыш иши козголду 
Бишкектеги «Берекет» базарында чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдиргендей, окуя Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси («Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу») жана 238-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») менен иликтенип жатат.Расмий маалыматка ылайык, өрт тууралуу 13-апрелде түнкү саат 3:50дө маалымат түшүп, ага 800 милиция кызматкери тартылган. 14 техника катышып, 7:40та өрт өчүрүлдү.
Жол кырсыгынан 22 жаштагы бала каза болду
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жеңил унаа оодарылып кетип, 22 жаштагы айдоочу каза болду. Бул маалыматты  Ысык-Көл ОИИБинен тастыктады.Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 13-апрелде саат 04:00дөр чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун15-чакырымында катталган. Анда 22 жаштагы айдоочу Audi A6 үлгүсүндөгү унаасын башкарып келе жатып, рулга ээ боло албай, унаа оодарылып кеткен. Натыйжада айдоочу алган жаракаттарынан улам ошол жерде каза болгон. Учурда бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.Эске салсак, бүгүн, 13-апрелге караган түндө Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында да жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 2 адам жаракат алган.

 

Количество просмотров: 23