• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

227 киши Кыргызстан жарандыгын алды

1 Аяк оона 2021 12:56 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунуштарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын президентинин 1 Жарлыгы 227 кишиге (179 – чоңдор жана 48 бала), көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 1 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 180 кишиге (150 – чоңдор жана 30 бала). Жалпы келтирилген өтүнүч – 407 кишиге (329 – чоңдор жана 78 бала).

Количество просмотров: 80