Кыргызстанда 25-апрелге карата коронавирус дагы 228адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учур:
Бишкекте – 149;
Ош шаарында – 8;
Чүй облусунда – 45; Ош облусунда – 3;
Талас облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 16;
Нарын облусунда – 5.
Ал эми бир сутка ичинде 186 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Сакайгандар:
Бишкекте – 113;
Чүй облусунда – 41;
Ош облусунда – 4;
Жалал-Абад облусунда – 8;
Нарын облусунда – 8;
Ысык-Көл облусунда – 7;
Талас облусунда – 5.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 441 бейтап, амбулатордук түрдө 1 768 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1013 бейтаптын абалы орто оордукта, 354 адамдын абалы оор жана 63 бейтап өтө оор абалда жатат.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 93 миң 831 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 89 миң 66 киши айыгып чыкса, 1 миң 582 адам каза болду.