• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

23-26-июль күндөрү унаа жолдорунда сел жүрүшү жана таш кулашы мүмкүн

22 Теке 202421:43 Бишкек Govori.TV

23-26-июль күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын унаа жолдорунда сел жүрүшү жана таш кулашы күтүлөт. Сак болуңуздар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кооптуу делген жол тилкелери боюнча алдын ала маалымат берип, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү алыскы сапарга чыкпай турууну эскертет!

— Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;

— Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;

— Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 чакырымдарында;

— Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117 чакырымдарында;

— Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5 чакырымдарында;

— Ош – Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымдарында;

— Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымындарында;

— Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 чакырымдары.

Кырсык катталганда 112 номерине ү байланышыңыздар.

Количество просмотров: 175