• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

23 адамдан COVID-19 табылып, 1 бейтап каза болду

20 Бештин айы 2021 9:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 20-декабрга карата коронавирус дагы 23 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 19;
  • Ош шаары – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 2;
  • Баткен облусунда — 1.

Ал эми бир суткада 29 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 301 бейтап, амбулатордук түрдө 338 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 218 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 311 киши айыгып чыкса, 2 миң 784 адам каза болду.

Количество просмотров: 50