• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

23-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу жок болот

20 Чын куран 2024 11:39 Бишкек Govori.TV

23-апрелде Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин
— Абаканов көчөсү — Дэн Сяопин проспекти – Костанай көчөсү – темир жол линиясы,
— Кустанай көчөсү — Волков көчөсү – Садыгалиев көчөсү, Дэн Сяопин проспекти менен чектешкен аймакта суу болбойт.

Суу Киркомстром суу алгыч жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Теги:
Количество просмотров: 78