• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

23-апрелде күтүлгөн аба ырайы

22 Чын куран 2022 14:13 Бишкек Govori.TV

23-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 17…23;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 24…26 градус болот.

Количество просмотров: 159