Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен Эмгек кодексине кандай өзгөртүүлөр киргизилип жатканын айтып беришти. Министрликтен белгилешкендей, жаңы Эмгек кодекси Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн демилгеси менен көтөрүлгөн
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 23-февраль (Мекенди коргоочулар күнү), 7-апрель (Апрель элдик революциясы күнү), 7-8-ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) Кыргызстанда дем алыш эмес, иш күн болушу мүмкүн.
Белгилей кетсек, министрлер кабинети долбоорду жактырган, эми кезек Жогорку Кеңеште.
«Долбоор Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрүнүн демилгеси менен иштелип чыккан», — деп айтылат маалыматта.
Бул даталар мамлекеттик майрам болуп кала берет, бирок иш күндөрү болот.
Дагы бир жаңылык: дем алыш күндөрүн жылдыруу нормасы жокко чыгарылды. Мурда майрам ишемби же жекшембиге туура келсе, эс алуу күнү кийинки жумуш күнүнө которулчу. Эми мындай болбойт.
Документте жаңы жыл (1-6-январь) жана май майрамдары (1, 2, 3, 4, 6, 7, 8-май) да так көрсөтүлгөн.