“23-февраль майрам күнү катары белгиленип, кыргызстандыктар ишке чыкпай эс алышат. Бул тууралуу КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Анда белгилүү болгондой, КРнын Эмгек Кодексинин 96-беренесине ылайык, майрамга байланыштуу анын алдыңкы иш күнү дагы бир саатка кыскарып, 22-февраль күнү мамлекеттик кызматтагылар бир саат жумушунан эрте бошотулмакчы.
Эске сала кетсек, буга чейин парламентте 23-февраль мурдагы СССР учурунда “Кызыл армиянын күнү-Ата Мекенди коргоо күнү” катары майрамдалып келгендик, бул майрамды жоюп, 29-май Куралдуу күчтөр күнүн майрамдоо сунушталган болчу.