• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

23-февралда күтүлгөн аба ырайы

22 Бирдин айы 2021 21:56 Бишкек Govori.TV

Эртең, 23-февралда түнкүсүн Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан, кар жаайт, деп билдирди Кыргызгидромет.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жаан, кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн 0…-5
күндүз +4…+9

Талас облусунда

түнкүсүн 0…-5
күндүз +4…+9

Баткен облусунда

түнкүсүн -1…+4
күндүз +6…+11

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн -1…+4
күндүз +6…+11

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн 0…-5
күндүз +5…+10

Нарын облусунда

түнкүсүн -5…-10
күндүз +1…+6

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 градус, күндүз +7…+9 градус болот.

Количество просмотров: 172