• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

23-июлда күтүлгөн аба ырайы

22 Теке 2021 14:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 23-июлда өлкө аймактарында жаан жаабайт. Батыштан келген шамалдын багыты секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38 градус;

Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 31…36;

Жалал-Абад, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 36…38 градус болот.

Количество просмотров: 156