Эртең, 23-июнда түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Талас жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз + 26 … +31;
Талас облусунда түнкүсүн + 7 … +12, күндүз +24 … +29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 15… +20, күндүз +31 … +36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4 … +9, күндүз +20 … +25;
Нарын облусунда түнкүсүн +5 … +10, күндүз +19 … +24 градус ысык болот.
Бишкекте түнкүсүн +12… +14, күндүз +29… +31 градус ысык болот.