Эртең, 23-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын болуп, бийик тоолуу райондордо өткүн өтөт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 10 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;
Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;
Ош, Баткен, Жалал-Абад лбустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;
Нарындын тоо этектеринде түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Бишкекте түнкүсүн 13…15, күндүз 29…31 градус ысык болот.