• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

23-мартта Бишкекте жалпы ишембилик өтөт

18 Жалган куран 2024 10:10 Бишкек Govori.TV

23-мартта Бишкек шаарында жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жарыяланган эки айлыктын алкагында Бишкек шаарынын мэриясы менчигинин түрүнө карабастан уюмдарды жана мекемелерди, чарба субъектилерин жанаша жайгашкан аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 11-марттан 11-майга чейин борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган. Аба ырайынын шарттарына байланыштуу 11-мартта жалпы ишембилик өткөн жок, 23-марттан тарта ар бир жумада жалпы ишембилик өтүп турмакчы.

Количество просмотров: 53