Бишкек.23.03.2018.Govori.TV
Күн жылыганына байланыштуу ушул күндөрү тоолуу аймактардагы Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жолдоруна кар көчкү түшүшү мүмкүн. Кыргызгидромет мындай кырдаал 27-мартка чейин сакталарын эскертти.
23-мартта көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлдерде нөшөр болот. Күн күркүрөшү ыктымал. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 12…17,
Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17,
Баткен облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13,
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…5°.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили жамгыр жаайт. Түнкүсүн 9…11, күндүз 15…17°.