• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

23-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

22 Жетинин айы 2023 14:49 Бишкек Govori.TV

23-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 4…9,

Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 5…10,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8,

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 5…7° болот.

Количество просмотров: 61