Бишкек. 22.09.2018. Govovri.TV
Эртең Бишкектин кээ бир райондорунда таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
“Бишкексууканал” ишканасынын маалыматына караганда, 23-сентябрда саат 8:00дөн 20:00гө чейин борбордун айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат.
Чүй Жогорку вольттуу электр тармактарынын ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан оңдоп түзөө-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу Шабдан Баатыр, Горький, Достоевский көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелген райондорунда таза суу токтоорун кошумчалашкан.