• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте 24 жаштагы кыздын чөнтөгүнө баңгизат салып кетишти

6 Бирдин айы 2021 19:21 Бишкек Govori.TV

Бишкекте баңгизат алып жүргөн шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-февралда болжол менен саат 06:17 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Элебесов жана Витебский көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз аял жардам сурап жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 24 жаштагы А.Ж. аттуу кыз милиция кызматкерлерине кайрылган. Анда белгисиз жаран арыз ээсинин чөнтөгүнө целофанга оролгон кочкул түстөгү өзгөчө жыты бар нерсени салып койгондугун кабарлаган. Текшерүү учурунда арыз ээсинин чөнтөгүнөн өзгөчө жыты бар салмагы 18,6 грамм болгон кара куурай баңгизаты табылган.

Кайгуул кызматкерлери шектүү катары 1991-жылы туулган А.У. аттуу жаранды кармап, аны жана арыз ээсин Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Свердлов РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 6245