Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрүнүн жетишилген макулдашууларынын натыйжасында 2020-жылдын 24-апрелине Стамбул-Бишкек каттамы боюнча чардердик авиарейс уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандарын алып кетүү Кыргыз Республикасынын Түркиядагы чет элдик мекемелери 2020-жылдын март айынан бери түзүп жаткан тизмелерге ылайык ишке ашырылат. Биринчи кезекте, артыкчылык улуу муундагы жарандарга, балдарга, аялдарга, ошондой эле саламаттыгынан көйгөлөрү бар жактарга берилет.
Учурда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы чет элдик мекемелери тарабынан Кыргызстандын жарандарын Түркиянын шаарларынан Стамбулга келиши үчүн жергиликтүү бийликтерден уруксат алуу маселеси иштелүүдө.