Эртең, 24-августта өлкөнүн тоолуу аймактарында күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16 … +21, күндүз +27… +32;
Талас облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +25 … +30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17 … +22, күндүз +30 … +35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +21 … +26;
Нарын облусунда түнкүсүн +7 … +12, күндүз +20 … +25 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн +19 … +21, күндүз +30 … +32 градус болот.