24-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29,
Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус болот.
24-августта Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын табы түнкүсүн 14…16, күндүз 26…28 градус ысык болот.