• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

24-июлда күтүлгөн аба ырайы

23 Теке 2021 15:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 24-июлда күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;

Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 33…38;

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 21…23°, күндүз 37…39 градуска чейин ысыйт.

Количество просмотров: 236