• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

24.kg агенттиги мүлкүн камактан чыгаруу тууралуу өтүнүч менен УКМКга кайрылды

21 Үчтүн айы 2024 9:41 Бишкек Govori.TV

24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева редакциянын кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгарып, кайтарып берүү өтүнүчү менен Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетине (УКМК) кайрылды.

Медианын сайтындагы маалыматка караганда, Оторбаева УКМКнын башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Эрлан Акынбековго жазган өтүнүч катында алардын кеңсеге кириши эмне себептен жана эмненин негизинде чектелгенин билбей жатканын белгилеген.

«Талаштуу макаланын эч кандай терс кесепеттери же резонанстар катталган жок. Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында материалдык зыян келтирилген эмес», — деп айтылат катта.

Мыйзамга ылайык жазык иши өндүрүшкө алынган адамга карата тергөөчү прокурордун макулдугу менен судьяга шектүүнүн, айыпталуучунун, материалдык зыяндын, же моралдык зыяндын ордун толтурууга жооптуу адамдын мүлкүн камак алуу жөнүндө токтом чыгарат.

«Камакка алуу эгерде шектүүнүн же айыпталуучунун кылмыштуу иш-аракеттеринен улам ал кылмыш куралы же каражаты катары колдонулган же колдонууга ниеттенген делип эсептелгенде гана жүргүзүлүшү мүмкүн», -деп айтылат катта.

Асел Оторбаеванын маалыматы боюнча, медианын камакка алынган мүлкүнүн протоколу берилген эмес жана кеңсе кандай негизде мөөр басылып, жабылганы белгисиз.

15-январда 24.kg агенттигинин имаратына УКМКнын кызматкерлери капысынан келип, анын жетекчиси Асел Оторбаеваны, редакторлор Антон Лымарды жана Махинур Ниязованы кармап кеткен. Алар сурак берип чыккан. Кийин медиага карата «согушту пропагандалоо» деген 497-берене боюнча кылмыш иши козголгону маалым болгон.

Количество просмотров: 118