• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

24.kgнин иши токтотулуп, кеңсеси ачылды

3 Чын куран 2024 8:10 Бишкек Govori.TV

24.kg агенттигине согушка үгүттөө боюнча козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу редакцияга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы тергөө башкармалыгынан кабарлашкан.

Ошондой эле агенттикке редакциялык кеңсе жабдууларын, анын ичинде ноутбуктарын жана системалык блокторун кайтарып берүү өтүнүчүн канааттандырылган. 15-январда тинтүү учурунда алынган бардык финансылык документтер маалымат агенттигине кайтарылган.

Эске сала кетсек, 15-январда УКМКнын кызматкерлери 24.kg редакциясынын кеңсесине келип, тинтүүгө алышкан. Анда документтерди, маалымат агенттигинин жабдууларын жана кызматкерлердин жеке телефондорун алышкан. Башкы директор Асел Оторбаева, башкы редакторлор Антон Лымар жана Махинур Ниязова суракка алынды.

УКМК 24.kg сайтына тинтүү КР Кылмыш-жаза кодексинин «Согушка үгүттөө» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирди.

Количество просмотров: 46