• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

24-мартта күтүлгөн аба ырайы

23 Жалган куран 2021 14:47 Бишкек Govori.TV

24-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабат. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12;

Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…+3 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жаан жаашы ыктымал, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 15…17 градус.

Количество просмотров: 1358