• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан ЖК депутатын шайлоо аяктады

28 Бугу 2023 20:46 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо аяктады.

Саат 20:00дө бардык шайлоо участкалары ишин токтотту.

Саат 20:00гө карата добуш берүүгө келген адамдардын саны 17 миң 423, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 13,95%ды түздү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын жалпы саны 124 миң 908 адамды түзөт.

Аталган округдан жалпы 29 талапкер депутаттыкка ат салышты.

Белгилей кетсек, аталган аймактын мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Бишкекте катталган мушташка байланыштуу мандатын тапшырууну чечкен. Ага байланыштуу Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ЖКнын депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо дайындалган.

Количество просмотров: 17