Кыргызстанда 22-августка карата коронавирус дагы 244 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында 137 адам;
— Чүй облусунда 45 адам;
— Ысык-Көл облусунда 28 адам;
— Жалал-Абад облусунда 7 адам;
— Баткен облусунда 12 адам;
— Ош облусунда 2 адам;
— Нарын облусунда 4 адам;
— Талас облусунда 6 адам;
— Ош шаарында 3 адам.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 6 бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 448 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 405 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 299 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 173 миң 920 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 166 миң 308 киши айыгып чыкса, 2 миң 484 адам каза болду.