• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Бейшеналиев: Өлкө калкынын 25 пайызы эмдөөдөн өттү

17 Баш оона 2021 13:16 Бишкек Govori.TV

Учурда Кыргызстандын калкынын 25 пайызы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министр Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн 17-августта коронавируска каршы вакциналардын сапаты жана коопсуздугу тууралуу маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, коомдун иммунитетин өнүктүрүү үчүн 2 миллион 137 миң адам эмдөөдөн өтүшү керек.

«Кыргызстанда колдонулган «Sinopharm» вакцинасынын эффективдүүлүгү 80 пайызга, «Sputnik V» 95 пайызга чейин жетет. Демек, калктын иммунитетин өстүрүү үчүн калктын 70 пайызы коронавируска каршы вакцина алышы зарыл. Бүгүнкү күндө өлкө калкынын 25 пайызы эмдөөдөн өттү. Ал эми экинчи дозаны алган жарандар 17 пайызды түзөт»,-деди министр.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө быйыл март айында башталган. Бүгүнкү күндө республиканын бардык аймактарында жалпысынан эмдөө пунктары иштеп жатат. Учурда республиканын бардык аймактарында «Sputnik V», «Sinopharm» жана «AstraZeneca» вакциналарын бекер алууга мүмкүнчүлүк бар. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылууда.

Количество просмотров: 44