Эртең, 25-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25;
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25;
Баткенде түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18;
Бишкек шаарында түнкүсүн 4…6, күндүз 22…24 градуска чейин жогорулайт.