• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

25-августтан тарта мектепке кошумча каттоо башталат

23 Баш оона 202515:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 25-августтан тарта мектепке катталбаган балдар үчүн электрондук каттоо ачылууда.

Агартуу министрлиги 1-2-класстар үчүн кошумча квоталарга каттоо саат 09:00дө башталарын билдирди.

Мекеме ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү «Түндүк» тиркемесинин «Санариптик документтер» бөлүмүнө киргизип, аны текшерип алышы керектигин маалымдады.

Мобилдик тиркемелер аркылуу «Мектепке электрондук кабыл алуу» кызматы же https://edu.gov.kg/posts/4376/порталы аркылуу баланы каттоого болот.

Количество просмотров: 179