• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

25-февралда күтүлгөн аба ырайы

24 Бирдин айы 2021 18:28 Бишкек Govori.TV

25-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -6…-11;

Талас жергесинде түнкүсүн -8…-13, күндүз -6…-11;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6;

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -7…-12;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13 градус болот.

Бишкекте кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз -6…-8 градус болот.

Количество просмотров: 216