Ички иштер министрлиги 2020-2021-окуу жылынын аяктап жатканына байланыштуу аймактардагы башкармалыктар менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Анда «Акыркы коңгуроо» салтанаты учурунда окуучулардын коопсуздугун камсыздоо маселеси талкууланды. Жыйын онлайн өтүп, ага облустагы бардык башкармалыктардын жетекчилери катышкан.
Быйылкы «Акыркы коңгуроо» аралыктан, онлайн форматта өтөрү пландалганы менен коомдук тартипти 3 391 милиция кызматкери көзөмөлдөп турат.
Буга чейин ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр арасында түшүндүрүү иштери жүрүп, «таң тосуу», жаратылышка эс алууга чыгуу, ресторан, кафелерде кече уюштурууга болбой турганы эскертилди.
Кыргызстанда жалпы 2 296 мектеп бар. Коронавирус пандемиясынан улам «Акыркы коңгуроо» салтанаты быйыл экинчи ирет онлайн уюштурулуп жатат.