Бүгүн, 25-мартка карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова маалымат берип жатат.
«Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык, алардын бири — 1949-жылы туулган эркек адам жандандыруу бөлүмүндө.
Коронавирус жуктурган жалпы жарандардын саны бүгункү күндө 42. Алардын баары ооруканаларда дарыгерлердин көзөмөлөндө», — деди ал.
Коронавирус боюнча район-шаарлардагы көрсөткүч:
— Сузак районунда – 17;
— Ала-Бука районунда – 2;
— Ош шаарында – 1;
— Кара-Суу районунда – 8;
— Ноокат районунда – 11;
— Бишкек шаарында – 2;
— Баткен районунда – 1.