• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

25 жаштагы Нуриза Жузуева изделүүдө

8 Жетинин айы 2019 9:54 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 25 жаштагы Нуриза Жузуева изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 8-октябрь күнү 32 жаштагы У.Н. аттуу аял сиңдиси көп күндөн бери дайынсыз болуп жатканын айтып, арыз менен кайрылган. Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кара, узун. ИИМ кимде ким сүрөттөгү кыздын кайда жүргөнүн көргөн билгендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу байланышып коюну суранат. Байланыш телефону: 0312 35-12-70, 0701 35-12-70, 0702-102-702.

Количество просмотров: 2217