«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган Улан Жураев 23-январда үй камагына чыкканы белгилүү болду.
Мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьялары чыгарган.
Маалыматтарга ылайык, ал тергөө менен кызматташууга макул болгон.
10-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен кылмышка байланыштуу шектүү катары кармалган Мелис Аспеков менен Улан Жураев 9-мартка чейин камакта калтырылган. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында камакта болчу.