26-февралда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10;
Талас облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -5…-10;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…-12;
Бишкек шаарында түнкүсүн -15…-17, күндүз -6…-8 градус болот.