Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 26-июлда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +21…+26, күндүз +35…+40,
Талас облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +34…+39,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +36…+41,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34,
Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+24, күндүз +38…+40 градус болот.