• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

26-июнга карата аба ырайы

25 Кулжа 2021 13:43 Бишкек Govori.TV

Эртең, 26-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаайт. Түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…29;

Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;

Нарын дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22.

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 27….29 градус болот.

Количество просмотров: 206