• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

26-мартта күтүлгөн аба ырайы

25 Жалган куран 2021 14:46 Бишкек Govori.TV

26-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18;

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 7…12, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16;

Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -10…-15, күндүз 1…6 градус болот.

Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 14…16 градус.

Количество просмотров: 100