• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

27-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок

27 Чын куран 2022 10:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 27-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, акыркы суткада илдеттен төрт бейтап сакайды, каза болгондор катталган жок.

Республика боюнча амбулатордук дарыланууда 11 адам бар.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 990 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 397 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Количество просмотров: 52