Эртең, 27-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-августта айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 16…21, күндүз 24…29,
Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 25…30,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26,
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27,
Бишкекте түнкүсүн 17…19, күндүз 25…27 градус жылуу болот.