• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

Аптап басаңдайт: 21-июлдан тарта жамгыр күтүлөт

19 Теке 202611:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 19–20-июль күндөрү аномалдуу ысык аба ырайы сакталат. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, абанын температурасы айрым жерлерде +41…+43 градуска чейин жетет.

Ал эми 21-июлдан тарта өлкөнүн айрым аймактарында кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ошол эле учурда абанын температурасы төмөндөй баштайт.

Бишкек шаарында 21-июлда күндүз +35…+37°, түнкүсүн +24…+26° болсо, 22-июлда күндүз +27…+29°, түнкүсүн +20…+22° болот деп болжолдонууда.

Эске салсак, 17-июлда Бишкекте абанын температурасы +41,6 градуска жетип, метеобайкоолор жүргүзүлө баштагандан берки ушул күн үчүн тарыхый рекорд жаңыланган. Бул көрсөткүч климаттык нормадан 7,7 градуска жогору болду.

Количество просмотров: 98