27-февралда №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов районунда бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтөт. Бул тууралуу бүгүн БШКнын жыйынында белгилүү болду.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кайра шайлоонун календарлык планын бекитти.
Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округдарда көпчүлүк “бардыгына каршы” добуш беришкен. Мыйзам боюнча мындай учурда кайра шайлоо өтөт.