• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

27-февралда күтүлгөн аба ырайы

26 Бирдин айы 202516:49 Бишкек Govori.TV

27-февралда түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Ош жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде катуу жаан-чачын болушу мүмкүн. Күндүз Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

  • Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…+5°
  • Таласта түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…+5°
  • Баткенде түнкүсүн -2…+3°, күндүз +1…+6°
  • Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4°, күндүз +2…+7°
  • Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6°, күндүз +2…+7°
  • Нарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз -1…+4°
  • Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз +2…+4° болот.
Количество просмотров: 299