27-майда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34,
Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28,
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27,
Бишкек шаарында түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34°, өткүн өтөт.